"Ош жаңырыгы" да өзүнүн атынан дарак отургузду
Бүгүн, 14-мартта, Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен кесилишкен Алишер Навои көчөсүнөн баштап, Гапар Айтиев көчөсүнө чейинки аймакка жалпысынан 100 түп кызыл жалбырактуу клён дарагы отургузулду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев да катышып, өзүнүн атынан бир түп көчөт отургузду. Мындан тышкары, журналисттер да өздөрү иштеген медиалардын атынан көчөт отургузуп, ар бир даракка өздөрүнүн ЖМКсынын аттары жазылган атайын белгилерди байлашты.
Мэриянын маалыматына ылайык, отургузулган кызыл жалбырактуу клён дарактары Өзбекстандан демөөрчүлөрдүн атынан алынып келинген. Ар бир көчөттүн баасы 200-250 долларды түзөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.