Өзгөндө аңчылык эрежелерин бузган жарандарга 25 миң сом айып пул салынды
NABU Кыргызстан уюмунун "Барс 2" тобу жана ЖРЭжТК министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Өзгөн районунда аңчылык эрежелеринин аткарылышын текшерүү үчүн пландан сырткаркы рейд өткөрүштү.
Текшерүү учурунда Өзгөн районунун Шералы айылынын Кыш-Мазар участкасында эки жаран дем алыш күндөрүнөн тышкары жана тиешелүү уруксат кагаздары жок өрдөккө ууга чыкканы аныкталды.
Бул көрүнүш мыйзам бузуу катары каралып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык, ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 25 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле, аңчылык эрежелерин сактоо жана мыйзам бузууларды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, NABU Кыргызстан уюму тууралуу маалымат берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.