Антициклон аномалдуу ысыкты алып келди

Ventusky сервисинин маалыматына ылайык, температура өзгөчө 14–18-июль аралыгында кескин көтөрүлөт.

Туруктуу ысыктын негизги себеби — Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын аймагында калыптанган антициклон. Жогорку басымдуу бул аймак нымдуу абанын киришине тоскоол болуп, атмосферанын төмөнкү катмарында жылуулуктун топтолушуна шарт түзөт.

Ошол эле учурда Орусиянын аймагы жана Казакстандын түндүгү аркылуу (Урал, Омск жана Новосибирск райондорунда) үзгүлтүксүз өтүп турган атмосфералык фронттор Кыргызстанга жетпей калууда. Мунун айынан өлкө аймагында жаан-чачын жана булут аз болуп, температуранын дагы жогорулашына өбөлгө түзүлүүдө.

Мындай туруктуу бөгөттөөчү антициклон жана түндүктөн циклондордун келбей калышы Борбор Азиядагы өзгөчө ысык мезгилдерге мүнөздүү көрүнүш болуп эсептелет.

Кыргызстандын түштүк жана түштүк-батыш аймактары антициклондун эң күчтүү бөлүгүндө калып, түндүккө салыштырмалуу эртерээк жана көбүрөөк ысыйт.

Нарын жана Ысык-Көл облустары деңиз деңгээлинен бийик жайгашкандыктан, түштүк жана түздүк аймактарга караганда азыраак ысыйт. 16-июлга карата Чолпон-Атада температура +18…+19°C чейин бир аз төмөндөйт.Буга Ысык-Көлдүн чоң суу массасы таасир этет: көл кургак жерге салыштырмалуу жылуулукту жайыраак топтоп, жээк аймактарындагы температураны туруктуураак кармап турат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз