Израилдин аба соккусунан улам Газада 100 адам каза болду,-ЖМК

Reuters агенттиги Газа секторундагы медициналык кызматтардагы булактарына таянып, Израиль армиясынын анклавга жасаган аба соккуларынын натыйжасында кеминде 100 адам каза болгонун, алардын арасында көптөгөн балдар бар экенин кабарлады, деп жазат "CentralAsiа" басылмасы.

AFP агенттиги куткаруучуларга шилтеме берип, 66 адам каза болуп, 150 киши жарадар болгонун маалымдады.
 
Reuters маалыматы боюнча, Израиль армиясынын соккулары Аль-Табиин мектебине багытталган. Ал жерде борбордук Аль-Дарадж районунан качкындар баш калкалап жаткан. Ошондой эле, ЦАХАЛдын аба соккулары Маваси жана Хан-Юнис райондоруна да тийди.
 
Израиль армиясы Газа секторуна массалык соккуларды 18-мартка караган түнү баштады. Буга себеп катары палестиналык «Хамас» кыймылынын 19-январдан бери иштеп келе жаткан ок атышпоону узартуу боюнча АКШнын сунушун четке кагуусу көрсөтүлдү. АКШ бийлиги Израилдин бул аракеттери тууралуу алдын ала кабардар болгон.
 
«Хамас» Израилди макулдашууларды бузду деп айыптап, туткундардын коопсуздугуна коркунуч жараларын эскертип, БУУнун Коопсуздук Кеңешин Израилден бомбалоону токтотууну талап кылган резолюция кабыл алууга чакырды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз