Индия Онкология борборуна Babatron аппараты үчүн Cobalt-60 булагын белекке берди
Индия Улуттук онкология жана гематология борборуна Кобальт-60 радиоактивдүү булагын тапшырды.
Индия Кыргызстандагы Улуттук онкология жана гематология борборуна «Бабатрон» алыстан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Борборго саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав барышты.
Жаңы радиоактивдүү булактын берилиши «Бабатрон» аппаратынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап, онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн сактап калууга мүмкүндүк берет.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгы медициналык кадрларды даярдоону, заманбап технологияларды киргизүүнү жана саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктураны жаңылоону да камтыйт.
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев учурда нур терапиясына арналган бардык аппараттар иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, күн сайын эки сызыктуу ылдамдаткычта болжол менен 160 бейтап, «Бабатрон» аппаратында 120га чейин бейтап, «Терад» аппаратында 25ке жакын бейтап, ал эми стационардагы 40тай бейтап флекситрон аппараттарында дарыланууда.
Ошондой эле ал республикалык бюджеттен сызыктуу ылдамдаткычтарды оңдоого 4 миллион сом, ал эми запастык тетиктерди сатып алууга 31 миллион сом бөлүнгөнүн маалымдады. Мындан тышкары, 2027-жылдан тарта нур терапиясы үчүн колдонулган жабдууларды жыл сайын техникалык тейлөөгө болжол менен 18 миллион сом бөлүү пландалып жатат.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов медициналык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо министрликтин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
Өз кезегинде Индия тарап «Бабатрон» аппараты үзгүлтүксүз иштеши үчүн Кобальт-60 радиоактивдүү булагын өз убагында алмаштырууга мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

