Кыргызгидрометте коррупциялык схема аныкталды

КР Аскер прокуратурасы Гидрометеорология кызматында (Кыргызгидромет) мамлекеттик бюджеттин каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызгидрометтин кызматкерлери узак убакыт бою мурда иштен бошотулган жумушчуларга, ошондой эле иштеп жаткан айрым кызматкерлерге төлөнүүгө тийиш болгон суммадан кыйла ашык өлчөмдө акча каражаттарын мыйзамсыз которуп келишкени белгилүү болду.

«Аталган кылмыштуу схема кылдат жашырылып, анын натыйжасында катышуучулары узак убакыт бою бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланып келишкен. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө, тактап айтканда 16 млн сом материалдык зыян келтирилген», - деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз