Бүгүн Путин ок атышуу сунушун четке какты,-Зеленский
«Азыр көптөгөн аймактарда Россияга чынында эмне керек экени так угулуп турат. Учурда биздин асманда ПВО (аба мейкиндигин коргоо күчтөрү) болжол менен 40 «Шахед» дронуна каршы иштеп жатат.
Тилекке каршы, айрымдары так келип тийип, жай тургундардын инфраструктурасына зыян келтирди. Сумыда оорукананы түздөн-түз «Шахед» дрону соккулады, Донецк облусунда да соккулар болду. Учурда Киев, Житомир, Сумы, Чернигов, Полтава, Харьков, Кировоград, Днепропетровск жана Черкасск облустарынын асманында сокку уруучу дрондор учуп жүрөт.
Мына ушундай түнкү чабуулдар биздин энергетикабызды, инфраструктурабызды жана украиналыктардын нормалдуу жашоосун талкалап жатат. Бул түн да өзгөчө болгон жок, демек, биз Россияга басым жасоону улантышыбыз керек.
Бүгүн Путин ок атышууну толугу менен токтотуу сунушун четке какты. Ошондуктан дүйнө да Путиндин согушту узартуу аракеттерин четке кагышы керек.
Россияга каршы санкциялар, Украинага жардам, эркин дүйнөнүн союздаштарын чыңдоо жана коопсуздук кепилдиктери боюнча иштер – мунун баары маанилүү. Россия өзүнүн соккуларын токтотуп, согушту бүтүрүүгө даяр экенин көрсөтмөйүнчө, тынчтыкка жакындабайбыз».
Буга чейин Зеленский Трамп менен Путиндин сүйлөшүүлөрү тууралуу жана согушту бүтүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө мындай деп комментарий берген: «Украина тийиштүү кадамдарды жасоого даяр, бирок азыр даярдыгын биринчи кезекте Россия көрсөтүшү керек. Анткени бул согушту созуп жаткан дал ошолор, жана согуш Москвага гана керек экенин далилдеп жатат».
Буга чейин Кремлдин басма сөз кызматы Путин менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү боюнча маалымат тараткан.
Сүйлөшүүдөн кийин Трамп: "Путин менен болгон сүйлөшүүм абдан жакшы жана жемиштүү болду",-деген оюн билдирген болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.