Өлкөдө "Декарис" дарысын сатууга тыюу салынды
2026-жылдын 2-июнунан тартып Кыргызстанда «Декарис» дарысынын 50 мг жана 150 мг таблеткаларынын жүгүртүлүшү токтотулду. Бул тууралуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти билдирди.
Чечим левамизол затына жана анын баш мээнин жабыркашына — лейкоэнцефалопатиянын өнүгүү коркунучу менен байланыштуу.
Департаменттен кошумчалашкандай, бул чара бейтаптардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды. Дарынын жүгүртүлүшүнүн токтотулгандыгы тууралуу маалымат саламаттык сактоо уюмдарына жиберилди.
«Декарис» — аскаридозду кошкондо, левамизолдун негизиндеги мите куртка каршы дары.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

