АКШ Жон Кеннединин өлүмү боюнча документтерди ачыктады
АКШнын Улуттук архиви 35-президент Жон Кеннединин өлүмү боюнча далилдерди жарыялады. Ошондой эле Кеннединин бир тууганы Роберт менен коомдук ишмер Мартин Лютер Кингдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу документтер да ачылды. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды.
Кеннединин өлүмүнө байланыштуу архивде 6 миллиондон ашык бет документтер, сүрөттөр, аудио жана видео материалдар, ошондой эле буюмдук далилдер сакталган. Эми бул материалдардын көпчүлүк бөлүгү окурмандар үчүн ачыкка чыгарылды, калган бөлүгү кийинчерээк жарыяланмакчы. Айрым маалыматтар азырынча санарипке өткөрүлө электиги архивдин сайтында көрсөтүлгөн.
Документтерди ачыктоо АКШ президентинин аткаруу буйругунун негизинде ишке ашты. Дональд Трамп бул буйрукка 2025-жылдын 23-январында кол койгон.
Февраль айында Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Анна Паулина Луна федералдык документтерди жарыялоонун үстүндө иш башталганын билдирген. Жон Кеннединин өлүмүнөн тышкары, атайын комиссия 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт боюнча маалыматтарды да ачыкка чыгарууну пландаган. Лунанын айтымында, бийлик «он жылдар бою маалыматты жашырып келген» жана «америкалыктар акыры өздөрүнө тийиштүү жоопторду алышы керек».
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.