"Чоң ката болот": Трапм ФИФАнын президентин колдоду

АКШ президенти Дональд Трамп ФИФАнын президенти Жанни Инфантинону колдой турганын билдирди.

Ал Инфантинонун ФИФАны жетектегендеги ишмердигине жогору баа берди. 

«ФИФА кандайдыр бир себептен улам Жанни Инфантинону кызматтан кетирүүнү ойлонсо, бул чоң ката болот. Ал жөн гана мыкты жетекчи. Анын жетекчилиги алдында тарыхтагы эң ийгиликтүү дүйнө чемпионаты өттү — буга чейинки чемпионаттардын баарынан төрт эсе ийгиликтүү болду. Эгер ал кетсе, дүйнө чемпионаты мындан ары эч качан мынчалык кирешелүү болбойт», — деп жазган Трамп.

Трамптын бул билдирүүсү Инфантинонун ФИФАдагы келечегине байланыштуу талаш-тартыш күчөп турган маалда айтылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз