"75чинин иши": Прокуратура айыпталуучуларга камак жазасын берүүнү сунуштады

Бишкек шаардык сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишинин апелляциялык арызы каралды.

13-августта Бишкек шаардык сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу апелляциялык арызды кароо уланды.

Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, мамлекеттик айыптоочулар өзүнүн апелляциялык сунуштамасында соттолгондорго дайындалган пробациялык көзөмөлдү эркинен ажыратуу жазасына өзгөртүүнү сурашты.

Ал эми Курманбек Дыйканбаев журналисттер менен сүйлөшүп жатып, сот процессин ачык өткөрүүнү өтүнүшөрүн билдирди. Анын айтымында, «жашыра турган эч нерсеси жок».

Буга чейин Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи май райондук сотунун «75 кат» иши боюнча чыгарган өкүмүнө апелляциялык сунуштама киргизген. Соттук жарыш сөз учурунда прокурорлор иштеги бардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, ар бирине 9 жылдан эркинен ажыратуу жазасын берүүнү суранышкан.

2-июлда Биринчи май райондук соту сегиз адамга карата өкүм чыгарган. Алар:

  • мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев;
  • мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев;
  • Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу;
  • ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов;
  • Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев;
  • саясатчы Эмилбек Узакбаев;
  • саясатчы Бекболот Талгарбеков;
  • президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев.

Сот алардын бардыгын «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актаган. Бирок бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп таап, үч жылдык пробациялык көзөмөл жазасына өкүм кылган.

Иш коомчулукта «75 кат» деп аталган кайрылууга байланыштуу. Анда бир топ саясатчылар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырык жасашкан.

Андан кийин өлкөдө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болуп, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы кызматтарынан бошотулган.

Ташиев Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө макул болбой, аны Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте даттанган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз