Казакстанга Орусиянын учкучсуз учуучу аппараты кулады
Батыш-Казакстан облусунун Таскалин районунда жергиликтүү тургундар дагы бир учкучсуз учуучу аппараттын (дрондун) кулаганын билдиришти, деп маалымдайт "CentralAsia" басылмасы Tengrinews.kz.га шилтеме берип.
Бул Казакстандын Батыш-Казакстан облусунун аймагына экинчи жолу учкучсуз аппараттын кирип келиши.
«Бул жолу биздин аймакка мурдагыга караганда олуттуураак көрүнгөн – узундугу үч метрлик дрон учуп келди», – деп жазат басылма.
Оперативдүү маалыматка ылайык, 18-март күнү саат 17:35те Таскалин райондук полиция бөлүмүнө Атамекен айылынын тургундарынан белгисиз объект (жоромол боюнча учкучсуз учуучу аппарат) табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Дрон кулаган жерге Уральск шаарынан сапёрлор жөнөтүлгөн.
«Объекттин узундугу – 300 сантиметр. Табылган жерге Таскалин райондук полиция бөлүмүнүн кызматкерлери барды. Ошондой эле, райондук борбор – Таскала айылынан акимчилик жана Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери кошумча жөнөтүлдү», – деп айтылат маалыматта.
«Тышкы көрүнүшү боюнча бул жөн гана кандайдыр бир белгисиз дрон эмес, так бир моделге – «Герань-2» – ирандык «Шахед-136» дрон-камикадзесинин орусиялык вариантынан окшош болчу. Чындыгында, ал дал ошол аппарат болчу, анткени анын корпусунда «Герань» деп кириллица менен жазылып, борттук номери – 18358 көрсөтүлгөн. 18-март күнү кечинде «Казинформ» агенттиги аталган объекттин сүрөттөрү менен видеолорун жарыялады», – деп жазды Orda.kz.
Буга чейин ушундай эле окуя Батыш-Казакстан облусунун Бөкейордин районунун Уялы айылында катталган. 18-февралда жергиликтүү тургундар узундугу 120 сантиметр болгон учкучсуз учуучу аппаратты табышкан. Анын конструкциясынын жана жабдуусунун өзгөчөлүктөрү орусиялык «Орлан-10» дронуна тиешелүү экенин көрсөткөн.
Региондук полиция азырынча бул окуя боюнча расмий маалымат бере элек.
«Окуя боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 399-беренеси («Жашыруун маалымат алууга багытталган атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү, сатып алуу же колдонуу») негизинде иш козголду. Зарыл экспертизалар дайындалды», – деп полиция өкүлдөрү журналисттерге билдиришти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.