Чек ара документи ратификацялангандан кийин Президент Жапаров Баткенге барды
Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралары боюнча макулдашуу эки өлкөнүн парламенттерде ратификацялангандан кийин КР Президенти Садыр Жапаров Баткенге барды.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, ал Кыргызстандын чеги Баткенден башталарын, мына ушул чек арада дүрбөлөң болсо, бүтүн Кыргызстанга доо кетерин белгиледи. Чек аранын толук такталышы менен бул маселеге чекит коюлганына ишенимин билдирди. Жапапров көчүүгө туура келген баткендик туугандарды мамлекет көңүл сыртында калтырбарын айтты. Бийлик мыкты шарттары менен жаңы, заманбап үйлөрдү салып берүүнү өз мойнуна алаарын кошумчалады.
“Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы – тынчтыктын, бейпилдиктин чек арасы, ынак коңшулук кызматташуунун чек арасы болот. Баткенде бейпил турмуш өкүм сүрүп, жалпы журтубуздун санаасы тынчыйт”, - деди Мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин жана өлкө боюнча онлайн режиминде 15 социалдык объекттерди ачты.
Мамлекет башчысы облустун таланттуу жаштарын өнүктүрүү, эл арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн Баткен шаардык мэриясына футбол комплексин курууга Мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 млрд сом акча каражаты бөлүнөрүн жарыя кылды. Мындан тышкары ал облус борборун ар тараптан өнүктүрүү максаттарынын алкагында алдыдагы жылдары жаңы шаар куруу боюнча иш-пландар бар экенин да кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.