Урмат сыйга ээ болгон машыктыруучу
79 жаштын суусун ичип, ашын жеп жаткан Кудайберди Каратаев Ноокат районудагы Күнгөй-Кожоке айылынын ардактуу аксакалы. Анын балалык чагы согуштан кийинки оор жылдарга туш келген. Айылдагы мектепти аятагандан кийин ал Ош шаарындагы №12-кесиптик техникалык окуу жайына кирген. Ушул окуу жайында окуп жаткан мезгилде жеңил салмакта эркин күрөш менен машыккан. Андан кийин Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайынын дене тарбия бөлүмүндө окуган. Анын эркин күрөшкө шыктуу, таланттуу улан экендиги педагогикалык окуу жайында даана байкалган.Машыктыруучулардын аракети менен ал шаардык, райондук, облустук жана республикалык мелдештерге катышып, биринчи орундарды багындырып, байгелүү орундарды камсыздап жүргөн.
Ноокат райондук спорт мектеби үчүн мындай мыкты адис аба менен суудай керек болуп тургандыктан, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайынын дене тарбия бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү дароо эле жумушка алынган. Ал убагында райондун сыймыгы болуп келген белгилүү эркин күрөшчү, мыкты машыктыруучусу болчу. Жаш кезинде бир нече жолу Кыргызстандын биринчилигин алып, СССРдин биринчилигине да катышып жүргөн. Эл арасында кадыр-баркы эбегейсиз чоң эле.
Жердештеринин сыймыгына, жаштардын сый-урматына ээ болгон дасыккан устаз, машыктыруучу:
-Спортко кызыккан адамдын дени сак болуп, ар дайым өзүн чыйрак, тыкан алып жүрөт. Андай адатка, режимге көнүп деле каласың. Жашың өткөн сайын өзүңдүн тажрыйбаңды, билгениңдин баарын балдарга үйрөткүң келет. Машыккан балдарың ийгиликке жетсе, аракетиңден майнап чыкса, машыктыруучу үчүн андан жогору кубаныч жок! Төбөң көккө жетип кубанганыңды айтпа! Командаң мелдештен утулуп калган учурда аларга “Спортто дайым эле ийгилик боло бербейт. Кээде утасың, кээде утуласың. Жеңилүүнү трагедияга айландырышбаш керек. Бүгүнкү кетирген кемчиликтерди ар тараптан терең талдап, аны кайталабоонун аракетин жасасаң, кийинки мелдеште жеңиш силер тарапта болот!” деген акыл-насаатымды көп айтчумун. Бул сөздөр жеңилүү ызасын тарткан балдарга көп учурда дем, күч берип, айтканыңдан жыйынтык чыкчу. Кийинки мелдештерде утуктарга жетип кайтышчу.
Анын көп жылдык аракети, мээнети текке кеткен жок. Ал жүздөгөн жаштардын машыктыруучусу, ондогон чемпиондордун насаатчысы болгон. Анын ысмы улуулардын да, жаштардын да арасында өзгөчө урматтоо менен “Устаз агай” деп айтылып жүргөндүгү да бекеринен эмес.
Элүү жылдын тегерегинде спорт чөйрөсүндө жүрүп, спорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жаш спортмендерди даярдоодогу көп жылдык эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин Эл агартуу отличниги, КР Дене тарбиясынын отличниги, Кыргыз Республикасынын спорт чебери сыяктуу ардактуу наамдарга татыктуу болгон.
Анын колунан машыгуудан өткөн балбандардын, окуучулардын демилгеси менен Ноокат районундагы Исанов айыл өкмөтүндө мезгил-мезгили менен эркин күрөш боюнча “Кудайберди Каратаев агай” атындагы аймактар, кээде эл аралык турнир өткөрүлүп турат. Турнир жаш балбандардын тушоосун кесип, аларды чоң спортко болгон кызыгуусун. Кудайберди агайга болгон сый-урматын арттырат.
Кудайберди Каратаев агай азыр ардактуу эс алууда. Жубайы Гүлкан эже экөө 3 уул, 3 кызга, татыктуу тарбия беришти. Кудайдын көзү түз болсун, баары ата-эненин үмүтүн актаган үлгүлүү үй-бүлөө ээлери. Көптөгөн небер-чебелерге чоң ата, чоң эне, таята, таене.
Материалды даярдаган: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

