Кыргызстан көк пардын алгачкы оюнунда ири эсеп менен жеңишке жетишти
Бүгүн, 2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Көкпар боюнча мелдештер башталды.
Алгачкы беттеште Кыргызстан жана Монголия курама командалары күч сынашып, жыйынтыгында Кыргызстан командасы 12:1 эсебинде жеңишке жетти.
Буга чейин көк пар боюнча чүчү кулактын жыйынтыгы белгилүү болгон. Анда Кыргызстан "А" тайпасында Өзбекстан, Ооганстан, Монголия менен жайгашкан болчу. Ал эми казак курамасы "В" тайпасында Орусия, Мажарстан менен ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

