ДК: Медалдар боюнча Өзбекстан менен Түркмөнстан алдыга чыкты

Өзбекстан жана Түркмөнстан 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи күнүнөн кийин медаль көрсөткүчү боюнча алдыда келе жатат.

Мелдештин биринчи күнү, 1-сентябрда улуттук күрөш түрлөрү — моңгол күрөшү, өзбек күрөшү жана түркмөн күрөшү боюнча 3 алтын медаль ойнотулду.

Өзбекстандын жана Түркмөнстандын спортчулары экиден медаль — бир алтын жана бир коло медаль утуп алышты.

Кыргызстандын чөнтөгүндө 1 күмүш жана эки коло медаль бар.

Биринчи күндөн кийинки медаль көрсөткүчү

1-2. Өзбекстан — 1 алтын, 1 коло

1-2. Түркмөнстан — 1 алтын, 1 коло

3. Моңголия — 1 алтын

4. Кыргызстан — 1 күмүш, 2 коло

5-6. Россия — 1 күмүш

5-6. Иран — 1 күмүш

7-8. Кытай — 1 коло

7-8. Ооганстан — 1 коло


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз