Кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш медаль утушту
Бүгүн, 2-сентябрь күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда алыш күрөштүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча мелдештер өттү.
Анда 4 кыргыз балбаны финалга чейин жетти. Натыйжада алыш күрөштүн классикалык түрүнөн 60 кг салмактык категорияда Роман Сапаров күмүш байгеге татыса, 80 кг салмакта Мыктыбек Өмүрзак уулу алтын медалга ээ болду.
Ал эми эркин күрөш түрү боюнча 60 кг салмактык категорияда Баяман Абидинов алтын, 80 кг салмакта Айболот Аманов алтын, 100+ кг салмакта Ахрорбек Абдукаимов күмүш медаль тагынды. Алыш күрөш боюнча мелдешке жалпы 42 мамлекеттен 110 спортчу катышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

