Спортту сүйгөн Жазгүл Самиеванын жеңишке жетелеген жолу

Спорт — адамды чыңдап гана тим болбостон, аны тартипке, жоопкерчиликке, чыдамкайлыкка жана жеңишке умтулууга тарбиялайт. Ал эми спорттун ичинен адамды биримдикке, ынтымакка үндөгөн волейболдун өзгөчө орду бар. Муну өзүнүн жашоосу менен далилдеп келе жаткан спорт сүйүүчүлөрүнүн бири — Самиева Жазгүл Алымкуловна. Ал Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагында туулган. Волейболго болгон сүйүүсү 14 жашында башталып, арадан жылдар өтсө да бул кызыгуусу солгундабай, тескерисинче, күчөп келет.

Жазгүлдүн үй-бүлөсүндө да волейбол ойногондор бар. Ошондуктан бул спорт анын жашоосуна бала кезинен жакын болуп, бара-бара жүрөгүнүн бир бөлүгүнө айланган.

Бүгүнкү күндө Жазгүл Самиева Ош технологиялык университетинде эмгектенип, ошол эле учурда университеттин эжекелер курама командасынын намысын коргоп келет. Команда менен бирге университеттер аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышып, бир нече ирет байгелүү орундарга жетишкен.

Айрыкча жыл сайын өткөрүлүп келген университеттер аралык турнирлерде Ош технологиялык университетинин командасы жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, жеңиштерди багындырып келет. Бул ийгиликтер спортчулардын тынымсыз машыгуусунун, командалык ынтымагынын жана университет тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун натыйжасы.

Жазгүлдүн спорттук жолу муну менен гана чектелбейт. «Жаштык» дирекциясы тарабынан уюштурулган Ысык-Көлдөгү мелдештерге да жыл сайын катышып, өзүнүн тажрыйбасын жана спорттук чеберчилигин сынап келет.

Ош шаарында волейбол сүйүүчүлөрүнүн арасында өткөрүлгөн мелдештерде да активдүү оюн көрсөтүп жүрөт. Учурда анын жүрөгүнө жакын командалардын бири — спортту сүйгөн Ноокаттын эжелеринен жана досторунан түзүлгөн «Ноокат шаары» командасы.

Бул команда менен Жазгүл республикалык деңгээлдеги бир топ мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып келет. Түштүк региону боюнча өткөрүлгөн «Дени сак эне — Дени сак улут» аттуу Энелер лигасынын турниринде командасы менен жеңишке жетип, биринчи орунду камсыз кылган.

Ал эми 2021-жылы Бишкек шаарында «Альфатекс» тарабынан уюштурулган турнирде да «Ноокат шаары» командасы атаандаштарын артка калтырып, 1-орунду ээлеген.

Спорттук мелдештердин географиясы Кыргызстан менен эле чектелбейт. 2022-жылдын март айында Өзбекстандын Хорезм шаарында өткөн республикалык турнирге Жазгүл Самиева волейбол федерациясынын атынан катышып, Кыргызстандын намысын коргогон.
Мындан тышкары, туулган жери Ноокатта өткөрүлгөн ар кандай спорттук мелдештерге Т. Зулпуев айыл аймагынын командасынын курамында катышып, жердештеринин алдында да өзүнүн спорттук чеберчилигин көрсөтүп келет.

Жазгүл Самиева үчүн волейбол — жөн гана бош убакытты өткөрүүнүн жолу эмес. Ал үчүн волейбол — ден соолук, достук, ынтымак жана жашоого болгон позитивдүү көз караш.

Командалык оюн болгондуктан, волейбол ар бир оюнчудан бири-бирин түшүнүүнү, колдоону жана бир максат үчүн күрөшүүнү талап кылат. Балким, дал ушул сапаттар Жазгүлдү бул спортко ушунчалык бекем байлап тургандыр.

Көп жылдан бери волейбол ойноп келе жаткан тажрыйбалуу спортчу катары ал бүгүнкү жаштарга да өзүнүн акыл-насаатын айтат.

«Волейбол — дүйнө жүзүндө кызыгын эч качан жоготпогон, динамикалуу жана командалык биримдикти талап кылган спорттун түрү. Жаштарга айтарым — волейболду сүйгүлө жана ойногула! Спорт менен машыгып, ден соолугуңарга кам көргүлө. Анткени сергек жашоо — бактылуу жашоонун негиздеринин бири», — дейт Жазгүл Самиева.

Анын спорттогу жолу — жаш куракка карабай, сүйгөн ишиң менен алектенсең, жаңы жеңиштерге жетүүгө болорунун жакшы үлгүсү. Бүгүнкү күндө ал волейбол аянтчасында жаштарга дем берип, спортту сүйгөн энелердин активдүү өкүлү катары өзүнүн спорттук жолун улантып келет.

Г. Өскөнбаева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз