Азиада: Кыргызстандан 174 спортчу катышат

Кыргызстандын 2026-жылкы Азия оюндарына катыша турган спортчуларынын акыркы курамы белгилүү болду.

Азия оюндарынын алкагындагы мелдештер 10-сентябрда эле башталган. Ал эми Азиаданын расмий ачылыш аземи 19-сентябрда өтөт.

Кыргызстандын курамынан алгач футболчулар мелдешке чыгат. Алар 16-сентябрда Таиланддын командасы менен беттешет.

Жалпысынан Кыргызстанды Азия оюндарында 28 спорт түрү боюнча 174 спортчу көрсөтөт.

Алардын саны спорттун түрлөрү боюнча төмөнкүдөй:

  • күрөш — 15 спортчу;
  •  дзюдо — 13;
  • сууда сүзүү — 3;
  • жаа атуу — 6;
  •  оор атлетика — 1;
  •  фехтование — 5;
  • жеңил атлетика — 3;
  • триатлон — 4;
  • спорттук гимнастика — 2;
  • көркөм гимнастика — 7;
  • таэквондо WT — 3;
  • ок атуу — 7;
  • байдарка жана каноэде сүзүү — 4;
  • бокс — 6;
  • кураш — 7;
  • WKF каратэ — 4;
  • ушу-саньда — 4;
  • ММА — 4;
  • киберспорт — 3;
  • джиу-джитсу — 9;
  • гольф — 2;
  •  волейбол — 24;
  • пляждык волейбол — 2;
  • заманбап беш түрлүк — 3;
  • парустук спорт — 2;
  • стол тенниси — 4;
  • текбол — 2;
  • футбол — 25.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз