Азиадада кыргыз спортчуларынын капитаны аныкталды
Японияда өтө турган 2026-жылкы Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны болуп мушкер Мырзакир Кошалиев шайланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
12-сентябрда Кыргызстандын курама командасын Азия оюндарына узатуу аземи өтүп, анда капитанга Кыргызстандын мамлекеттик туусу тапшырылды.
Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Япониянын Нагоя шаарында өтөт.
Мырзакир Кошалиев бокс боюнча 90 килограммдан жогорку салмак категориясында күч сынашат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

