Кыргыз спортунда тарых жараткан Мунарбектин ийгилиги
Белгилүү кыргыз спортчусу, боксер, Ош шаарынын кулуну, кыргыз элинин сыймыгы Мунарбек Сейитбек уулу туралуу канча айтсаң да жарашат. Анткени ал кыргыз спортунун тарыхында спорттун бокс түрү боюнча биринчи болуп чоң жетишкендиктерди багындырды. Өзүнүн спорттогу ийгилиги менен жаштарды спортко шыктандырды.
Бул спорттогу жеништери ага оңою менен келген жок. Канчалаган эмгектин, аракеттин аркасынан дүйнөгө аты таанымал болду. Дагы көптөгөн жеништерге жетишип, Кыргызстандын Туусун дагы желбиретишине ишеним чоң. Каарманыбыз спорт жаатында жогорку билимге ээ болуш үчүн Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия жана педагогика факультетине тапшырып, аны ийгииликтүү бүтүргөн.
Айта кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы 1-январда Ош шаарында төрөлгөн. Кичинесинен спорттун бокс түрүнө кызыгып, талыкпай олуттуу машыгып келен. Алдыга койгон макстына жетишүү чын дилден машыгуулардан өткөн. Аракетинен акыбет кайтып, бүгүнкү күндө бүткүл кыргыз элин сыймыгы болду. Ал учурда Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү. Эл аралык даражадагы спорт чебери.
Мунарбек Сейитбек уулунун спорттогу жетишкендиктери тууралуу айтсак, 2018 — жылы студенттер арасында бокс боюнча өткөн дүйнөлүк мелдеште коло медаль алган. 2019 —жылы Бишкек шаарында бокс боюнча өткөн чемпионатында 2-орунду багындырган. Ал эми 2023 —жылы Өзбекстанда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медалды утту. Ушул эле жылы бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалын жеңип алган. 2024 — Испаниядагы бокс боюнча эл аралык мелдеште алтын медалды багындырды. Ошондой эле 2024 — Таиланда өткөн лицензиялык мелдеште коло медаль алып, Париж Олимпиадасына жолдомо алган.
Эң жогорку жеңиштеринин бири—Парижде өткөн ХХХIII жайкы Олимпиадада атаандаштарын жеңип, күмүш медалды утуп алды. Негизи Кыргызстандын тарыхында Мунарбек биринчи жолу спорттун бокс түрүнөн жеништерге ээ болуп, спорттук байгелерди утуп алды жана спорттун бокс түрү боюнча алгачкы олимпиадалык жениш болуп саналат.Мунарбектин ийгиликтери дагы мекендештерди көп кубандырат деген ишеним чоң. Н
К.Кыдыралиева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

