Сауд Арабияда АКШ менен Украинанын делегацияларынын жолугушуусу өттү

Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында Украина жана АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу Украина коргоо министри Рустем Умеров X социалдык тармагында билдирди.

Ал жолугушууну жемиштүү деп атады. Тараптар «энергетика сыяктуу негизги маселелерди» талкуулашканын министр айтты.
 
«Президент Зеленскийдин максаты – өлкөбүз, элибиз жана, тиешелүү түрдө, бүтүндөй Европа үчүн адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу. Биз бул максатты ишке ашыруу үчүн иштеп жатабыз», — деп белгиледи Умеров.
 
24-мартта Сауд Арабиясында АКШ жана Орусия өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтөт. Орусия делегациясын жетектеген сенатор Григорий Карасин анын курамы Эр-Риядга келип жеткенин билдирди.
 
The New York Times жана Reuters маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, эки жолугушууда тең тараптар энергетикалык объекттерге 30 күндүк ок атышпоо режимин иштеп чыгууга көңүл бурушат. Бул режимге Москва менен Киев 18-19-мартта АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин макул болушкан. NYT кошумчалагандай, Украина делегациясы АКШнын Орусия менен сүйлөшүүсүнөн кийин, анын жүрүшүнө жараша, америкалык тарап менен дагы бир жолу жолугушушу мүмкүн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз