Азия оюндары: Эркин күрөш боюнча кыргыз курамасынын курамы дагы өзгөрдү

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча командасынын Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарына катышуучу курамында кайрадан өзгөрүүлөр болду.

Акыркы тизмеге беш спортчу кирди. Каныбек Абдулхаиров (97 кг чейин) жаракат алганына байланыштуу Азия оюндарына катышпайт.

Эркин күрөш боюнча таймаштарда 6 алтын медаль ойнотулат. Аталган спорт түрү боюнча турнир 30-сентябрда башталат.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча командасынын курамы

57 кг чейин - Бекзат Алмаз уулу

65 кг чейин - Эрназар Акматалиев

74 кг чейин - Орозобек Токтомамбетов

86 кг чейин - Малик Шаваев

125 кг чейин - Арсланбек Турдубеков

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз