Мажарстан премьер-министринин бетине шарап чачышты

Мажарстандын Сексард шаарында түшүм майрамы учурунда белгисиз адам премьер-министр Петер Мадьярдын бетине шарап чачып жиберди. Окуянын видеосун Мадьяр 20-сентябрда Facebook баракчасына жарыялады.

Кадрлардан эркек киши бокалдан бир ууртап, андан кийин калганын саясатчы тарапка чачып жибергени көрүнөт. Жан сакчы дароо ал кишини алып чыгып кеткен, ал эми Мадьяр чогулгандар менен баарлашуусун уланткан.

Болгон окуяга комментарий берип жатып, Мадьяр кол салган адамды Виктор Орбандын тарапташы деп атап, майрамга жергиликтүү тургундардын чакыруусу менен келгенин белгиледи.

Мажарстандын премьер-министри буга чейин да ушундай окуяга туш болгонун кошумчалады: Будапешттеги Батыш вокзалынын жанында маалымат жыйынына бара жатканда, аны көздөй түкүрүшкөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз