Денис Петрашов Азия оюндарынын күмүш байгесине ээ болду

 Кыргызстандык Денис Петрашов Жапониядагы Азия оюндарында күмүш медаль тагынды.

24-сентябрда ал брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча 200 метр аралыктагы жарышка чыкты, анда жалпысынан 24 спортчу катталган.

Эртең мененки программада алдын ала сүзүүлөр өттү, анда кыргызстандык спортчу 2 мүнөт 11,13 секундда келип, финалга чыкты.

Финалдык сүзүүдө Петрашов 2 мүнөт 8,67 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, экинчи болуп келип, күмүш медаль тагынды. Ал дүйнөлүк рекорд койгон 17 жаштагы жапониялык Син Охасиден 3,84 секундга артта калды.

Буга чейин Петрашов брасс менен 100 метр аралыкка сүзүүдө 4-орунду ээлеген. Бул оюндарда ал брасс менен 50 метр аралыкка дагы сүзөт.

Бул медаль Кыргызстан үчүн быйылкы Азия оюндарындагы төртүнчүсү болду. Буга чейинки куржунда үч коло медаль болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз