Айымкыз Айдаралиева сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын рекордун жаңылады
Кыргызстандык спортчу Айымкыз Айдаралиева Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча өлкөнүн рекордун жаңылады.
21-сентябрда 16 жаштагы кыргызстандык спортчу 200 метр аралыкка эркин стилде сүздү.
Ал алгачкы алдын ала сүзүүдө 2 мүнөт 5,23 секунд жыйынтыгы менен 5-орунду ээледи. Бирок жалпы протоколдо 12-орунду ээлеп, финалга чыга алган жок.
Айдаралиеванын көрсөткүчү бул аралык боюнча Кыргызстандын жаңы рекорду болуп саналат.
Буга чейинки рекорд (2 мүнөт 6,89 секунд) 2019-жылы Елизавета Рогожникова тарабынан коюлган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

