Денис Петрашов 50 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча финалга чыкты

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында үчүнчү жолу финалга чыкты.

25-сентябрда спортчулар 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча мелдеште күч сынашты. Бул аралыкка жалпысынан 40 спортчу катталган.

Петрашов экинчи алдын ала сүзүүдө жарышка түшүп, 27,45 секунддук жыйынтык менен биринчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч ага финалга төртүнчү мыкты убакыт менен чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

50 метрге брасс боюнча финал бүгүн саат 14:00дө Бишкек убактысы менен башталат.

Буга чейин Петрашов 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө күмүш медаль тагынып, 100 метрлик аралыкта төртүнчү орунду ээлеген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз