Кыргызстандын олимпиадалык курамасы тайпадан чыкпай калды

Кыргызстандын футбол боюнча U-23 курамасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында Гонконгду ири эсеп менен жеңди.

Беттеш Азия оюндарынын тайпалык баскычынын 3-турунун алкагында 23-сентябрда өттү.

Оюн 4:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктап, улуттук курам турнирдеги алгачкы 3 упайына ээ болду. Бирок бул жыйынтык тайпадан чыгууга жетиштүү болгон жок.

Ушуну менен Кыргызстандын U-23 курамасы Япониядагы Азия оюндарындагы оюндарын жыйынтыктады.

С тайпасы. 3-тур, 23-сентябрь

🇰🇬 Кыргызстан – Гонконг 4:0 🇭🇰

⚽ Голдор: Даниэль Омаров — 7-мүнөт (1:0), Ырыскелди Маданов — 22-мүнөт (2:0), Эрбол Абдужапаров — 63-мүнөт (3:0), Сардор Нематов — 86-мүнөт (4:0).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз