Азия оюндары: Ихтияр Нишонов чейрек финалга чыкты
Кыргызстандык боксчу Ихтияр Нишонов Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты, деп жазат "Баракелде".
Ал жалпысынан 25 спортчу катталган 70 кг чейинки салмак даражасындагы мелдеште чыгууда.
Кыргызстандык боксчу мелдешти 1/8 финал этабынан баштап, анда Шри-Ланка өкүлү менен беттешти. Ал мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеттип, калыс беттешти үчүнчү раундда токтотту.
Нишонов чейрек финалга чыкты. Эми анын атаандашы 2021-жылдагы дүйнө чемпиону жана 2022-жылдагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү, жапониялык Сэвон Оказава болот.
Бул беттеш 28-сентябрга пландалган.
Буга чейин Зафарбек Камилов (55 кг чейин) 1/16 финалда жеңишке жетишсе, Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг чейин) 1/8 финалда утулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

