Азия оюндары: Мария Коробицкая 10 чакырымга чуркоо боюнча жарышта 7-орунду ээледи
Кыргызстандык жеңил атлет Мария Коробицкая Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында мелдешке чыкты.
Ал кечээ, 24-сентябрда аялдар арасында 10 миң метр аралыкка чуркоо боюнча жарышка катышты.
Коробицкая белгиленген аралыкты 33 мүнөт 54 секундда басып өтүп, жыйынтыгында 7-орунду ээледи.
Ошондой эле спортчу бул Азия оюндарында 5 миң метр аралыкка чуркоо боюнча мелдешке да катышат.
Жалпысынан Кыргызстандан Азия оюндарына жеңил атлетиканын үч өкүлү барган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

