Дагы бир кыргыз мушкери «UFC» менен келишим түзүү үчүн октагонго чыгат
Кыргызстандык дагы бир спортчу «UFC» менен келишим түзүү үчүн урушка чыгат, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Кыргызстандык Акылбек уулу Илимбек «TUF 34» («The Ultimate Fighter: Team Cormier vs. Team Bisping») реалити-шоунун кезектеги сезонуна катышууда.
Командаларды лиганын мурдагы эки чемпиону жана «UFC’нин» Даңк залынын мүчөлөрү — Дэниел Кормье менен Майкл Биспинг жетектейт. Бул сезондо эркектер арасында жеңил салмактагылар (61 кг чейин) жана кыз-келиндер арасында эң жеңил салмактагылар (52 кг чейин) күч сынашууда.
Акылбек уулу эки жеңишке жетип, шоунун финалына чыкты. Анда ал азербайжандык спортчу Мехемедели Османли менен беттешет. Финалдык беттеш 27-сентябрга караган түнү Невада штатында өтөт.
Учурда «UFC’де» Кыргызстандан беш спортчу чыгып келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

