Кыргыз мушкери эртең «Alash Pride» лигасынын чемпиондук титулу үчүн мушташат

Кыргызстандык спортчу Жаныбек уулу Каныбек «Alash Pride» лигасынын чемпиондук титулу үчүн дагы бир беттеш өткөрөт, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Кыргызстандык мушкер жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн урушка чыгат. Анын атаандашы лиганын азыркы чемпиону, казакстандык Ернар Алимбеков болот.

Беттеш 26-сентябрда Ташкент шаарында «Mangu Professional League» жана «Alash Pride» уюмдарынын биргелешкен турниринде өтөт.

Жаныбек уулу менен Алимбеков 5-майда Чымкентте чемпиондук кур үчүн кармашкан. Ал кезде беттеш талаш менен коштолуп, жеңүүчү катары казакстандык мушкер таанылган.

Ошол беттештен кийин спортчулар жеке жолугуп, кайра беттеш өткөрүүнү макулдашкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз