Каныбек Жаныбек уулу Казакстандын Alash Pride уюмунун чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу Каныбек Жаныбек уулу казакстандык Alash Pride лигасынын чемпиондук курун жеңип алды.
26-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өзбекстандык Mangu жана казакстандык Alash Pride лигаларынын биргелешкен турнири өттү.
Турнирдин негизги беттештеринин биринде Каныбек Жаныбек уулу Alash Pride лигасынын жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн күч сынашты. Анын атаандашы — учурдагы чемпион, казакстандык Ернар Алимбеков болду.
Биринчи раунддун соңунда кыргызстандык мушкер атаандашынын жаагына так сокку уруп, андан соң чабуулун улантып, Алимбековду нокаутка түшүрдү. Калыс беттешти токтотуп, Жаныбек уулунун жеңишин каттады.
Ушуну менен Каныбек Жаныбек уулу жеңил салмакта Alash Pride лигасынын жаңы чемпиону аталды.
Эки мушкер буга чейин да чемпиондук кур үчүн 5-майда Казакстандын Шымкент шаарында беттешкен. Ал кармашта калыстардын чечими талаш жаратып, жеңиш казакстандык мушкерге берилген.
Беттештен кийин спортчулар жеке жолугуп, реванш өткөрүү боюнча макулдашышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

