Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр аралыкка чуркоо боюнчча финалга чыга албай калды

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курамасынын мүчөсү Нурсултан Кенешбеков Японияда өтүп жаткан Азия оюндарындагы мелдешин баштады.

26-сентябрда 26 жаштагы кыргызстандык спортчу 1500 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдешке катышты. Бул аралыкта жалпы 22 спортчу катталып, алар  алдын ала эки жарышка бөлүнгөн.

Кенешбеков экинчи жарышка катышып, 3 мүнөт 46,45 секундалык жыйынтык менен 7-орунду ээледи.

Алдын ала жарыштардын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчу жалпы эсепте 13-орунду ээледи. Ал эми финалга алдыңкы 12 спортчу гана жолдомо алды.

Кенешбековго финалга чыгууга болгону 0,01 секунд жетишпей калды.

Эгер кыргызстандык спортчу биринчи алдын ала жарышка катышканда, 2-мыкты жыйынтык менен финалга чыкмак.

29-сентябрда Нурсултан Кенешбеков 5000 метр аралыкка чуркоодо күч сынайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз