"Ак шумкарлар" Ливан менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бишкекте дагы бир жолдоштук беттеш өткөрөт.

4-октябрда Урмат Абдукаимовдун командасы Ливандын курамасына каршы ойнойт.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы аренанын стадионунда өтөт. Мелдеш саат 20:00дө башталат.

28-сентябрда кыргызстандыктар Мальдив аралдарынын курама командасына каршы беттеш өткөрүп, 5:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишкен.

Ошондой эле 1-октябрда Бишкекте Ливан жана Мальдив аралдарынын курама командаларынын ортосунда жолдоштук оюн өтөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз