Кыргыз мушкери Alash Pride лигасынын чемпиондугу үчүн октагонго чыгат

Кыргызстандык мушкер Арген Маратбек уулу (18-14) Казакстандын Alash Pride лигасында чемпиондук титул үчүн беттешет.

Кыргызстандык мушкер 30-сентябрда өтө турган Alash Pride 132: Zhassiya vs. Maratbek uulu турниринин башкы беттешинде октагонго чыгат. Анын атаандашы — Казакстандын мушкери Бекзат Жансая (7-1).

Беттеште лигасынын эң жеңил салмактагы чемпиондук куру коюлат. Учурда бул титул казакстандык мушкерге таандык.

Турнирдин негизги беттешинин алдында дагы бир кыргызстандык мушкер Темирлан Жумабеков (7-7) октагонго чыгып, казакстандык Бекболат Абишев (5-1) менен беттешет.

Мындан тышкары, бул турнирде Кыргызстандык Манас Темирбеков (14-11), Мирбек Иманбеков, Бобур Нишонов жана Мухаммад Ахматжан уулу да беттеш өткөрөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз