Спортко жандуу Кызыр-Абад
Акжол Махмудовдун сүрөтү макалага иллюстрация катары колдонулду.
Араван районундагы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Кызыр-Абад айылынын карыяларынын айтуусунда бул айылда далысы жерге тийбеген Тойчу аттуу балбан жашап өткөн. Бир жолу Ноокатта бул жагы Анжиан, ар жагы Кара-Тегин, күн батыштан Кокон, Оро-Төбө, Коженттен келген балбандардын арасында таш көтөрүү боюнча мелдеш болуп өткөн. Тойчу балбандан башка эч ким көтөрө албай, баш байге салтанат менен Тойчу балбанга ыйгарылат. Кубанычы койнуна батпай, төбөлөрү көккө жеткен Кызыр-Абаддын адамдары Тойчу балбан көтөргөн ташты “кийинкилерге эстелик болсун” деген максатта Ноокаттан арабага жүктөп келишкен экен. Ошол таш айылда мектептин спорт залынын алдында турат. Азыркы учурда Кызыр-Абаддык Максат Алимов футбол боюнча республикалык курама команданын капитаны. Ал эми Ырыскелди Маданов футбол боюнча жаштар командасынын курамында ойнойт.
Солдон оңго футзалчы Максат Алимов жана футболчу Ырыскелди Маданов.
Бул айылда спорт дегенде ичкен ашын жерге койгон, өмүрүнүн аягына чейин айылдык жаштарды сергек жашоого үндөгөн машыктыруучу Шакир Таабалдиевдин ысмы өзгөчө урмат, өзгөчө сый менен айтылып жүрөт Анын тарбиялаган балдардын арасынан республиканын, дүйнөнөн чемпиондору чыккан. Бул жетишкендиктер мамлекет тарабынан эске алынып, республикалык бюджеттен 14 млн сом каражат бөлүнүп, жаңы спорт залы пайдаланууга берилген. Жаңы спорт залына машыктыруучу Шакир Таабалдиевдин ысмын ыйгаруу демилгеси көтөрүлгөндө, анын айылдаштары жапырт колдоп чыгышкан. Шарты жакшы, бардык ыңгайлуулуктары бар зал үчүн Алмазбек Таабалдиев аттуу уулу Бишкекке чейин барып, баасы абдан кымбат олимпиадалык матрац алып берген. Облус жана айыл өкмөтү тарабынан да тренажерлер, керектүү жабдуулар берилген.
Шакир Таабалдиевдин ысмын алып жүргөн спорт мектебинде грек-рим күрөшү боюнча балдар арасындаанын жаркын элесине арналган райондук, облустук деңгээлде турнирлер өткөрүлүп турат. Турнирдин ачылыш салтанатына катышкан коноктор Шакир Таабалдиевдин дарегине жылуу сөздөрүн айтышып, анын эмгегин эскеришет. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сайдилла Токторовдун айтуусунда “Шакир максым көп убактын балдарга арнап, аларды сергек жашоого үндөгөн, спортко кызыктырууга арнаган чыныгы педагог адам болгон. Ал майрамдарда, тойлордо күрөш боюнча көптөгөн мелдештерди уюштуруп,анын машыктырган балдары алдыңкы жана байгелүү орундарды камсыздап турган. Айрым учурда Жалал-Абадда, Баткенде уюштурулган мелдештерге балдарды өз каражаты менен алып турган учурлар болгон.
Балдары жеңишке жетишсе, жаш баладай кубанган учурларды башынан көп өткөргөн” Кызыр-Абад айылында жайгашкан Т. Исмаилов атындагы орто мектебинин окуучуларынын арасында кийинки мезгилде футболго кызыккандар көбөйгөндүктөн, аны андан ары өнүктүрүүгө маани берилип жатат. Кыргызстандын мектеп лигасынын футбол боюнча өткөрүлгөн мелдешинде мектептин командасы 2-орунга чыгып, Р. Маданов аттуу окуучу “Мыкты чабуулчу ” номинациясына ээ болуп келген. Мектептин мындай ийгилиги эске алынып, райондук өнүктүрүү фондусу жана айыл өкмөттүн жардамы менен жалпы суммасы 2 млн.сомду түзгөн минифутбол аянтчасы пайдаланууга берилген.
Атагы таш жарган атактуу балбан Акжол Махмудовдун көмөгү менен райондук спорт мектебинен барган машыктыруучу балдарды жумасына төрт жолу грек-рим күрөшү боюнча машыктырып кетет.
Мындай ийгиликтердин жаралышына мектептин Ибраим Алимов баш болгон дене тарбия мугалимдеринин да эмгеги чоң. Алардын сабакка жасаган мамилеси жоопкерчиликтүү, окуучуларга коюлган тарап күчтүү. Алгачкы жыйынтыктар бар. Шарип Эрматов аттуу окуучу облуста биринчи орунга чыгып, республикага чейин барып келген.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

