Кара-Суу районундагы шахмат кубогу

Иллюстрациялык сүрөт. 

Кара -Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Куланова Айжан Мамаевна аталган райондун спорт тармагы боюнча аткарылып жаткан ийгиликтер тууралуу айтып, бул багытта райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан көп аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Бүгүнкү күндө район боюнча бардык айыл өкмөттөрдө, ишкана мекемелерде, мектептерде, балдар бакчаларында да калктын саламатчылыгы үчүн, ден соолукту чыңдоо үчүн максаттуу иштер алып барылууда. Райондук спорт бөлүмүн учурда Жумаев тургунбек Нуркамилович жетектейт.


Райондо тиешелүү футболдук стадион, спорттук залдар, спорттук клубдар иштеп, жаштар спортко активдүү тартылууда. Ошол эле учурда илгертен келаткан улуттук ат спорт оюндары, улак тартыш, кыз куумай, көк бөрү, алыш, тогуз коргоол, ордо оюндарынын да ойнолушуна маани берилүүдө. Спорт ден соолукка өбөлгө дегендей, жаштардын, калктын саламатчылыгы үчүн спорттун түрлөрүн жайылтууга, райондун намысын облустук, републикалык деңгээлде жана жалпы райондун жана өлкөбүздүн намысын эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чараларда коргоого салым кошуу зарылдыгы күн тартибинде турат.


Кара -Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Куланова Айжан Мамановна биз менен болгон баарлашууда төмөнкүлөргө токтолду:

-Маалым болгондой, КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттиги 2026-жылдын 4-июнунда жарыяланган КР Президентинин “Кыргыз Республикасында 2026-2030-жылдарга карата шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарыгын ишке ашыруу максатында  2026- жылы өспүрүм балдардын жана кыздардын арасында  шахмат боюнча Президенттин кубогун өткөрөт. Президенттин шахмат боюнча кубогу бекитилген Жобого ылайык үч этапта өткөрүлөт. Биринчи этабы - райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдеринин жана шаар мэрлеринин кубогу. Экинчи этап - КР Президентинин облустарагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кубогу. Ал эми үчүнчү -этап КР Президентинин финалдык кубогу.  Президенттин кубогу үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын  биринчи декадасында өтүшү күтүлүүдө. Жогоруда аталган чараларга ылайык, Кара- Суу районунда жакында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин шахмат боюнча кубогу өткөрүлдү. Шахмат боюнча өткөрүлгөн кубокко райондогу  шахматка кызыккан жаш спортчулар кызыгуу менен активдүү катышышты.


Куланова кошумчалагандай, шахмат боюнча мелдеште өспүрүм балдар жана кыздар өздөрүнүн шыктуулугун, чечкиндүүлүгүн көрсөтүштү. Шахмат боюнча райондук кубок райондогу №47 С.Аристанбеков мектебинде өткөрүлдү. Мелдешке А.Осмонов, К.Эрматов, Питомник, В.И.Ленин, К. Жакыпов жана С.Аристанбеков атындагы мектептердин окуучлары катышышты.  ДЮСШнын окуучуларынан Ж.Дурсунбаева 1-орунду (18 жаш), Н.Маматисаков 1-орунду, (14 жаш), Б.Заиров 2-орунду (14 жаш), Д.Заиров 3 – орунду (14 жаш) алышты. Ошондой эле А.Зулпукаров 1-орунду (12 жаш), Абдыкалыкова 1-орунду (12 жаш), Р.Батырбеков 1-орунду (8 жаш) жана А. Ахматова 1-орунду алышты.


Алдыңкы шахмат спортчулары жетишкендиктерге ээ болушуп, алдыңкы орундарга чыгышты жана алар облуста боло турган экинчи этапка жолдомо алышты.  КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кубогу 2026 -жылдын 15- октябрына чейин өткөрүлүшү күтүлүүдө. Бул экинчи этаптан өткөн шахмат спортчулары үчүнчү этапка - КР Президентинин шахмат боюнча финалдык кубогуна жолдомо алышат.


Жазып алган: К.Кыдыралиева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз