Жеңилбес мушкер Ражабали Шайдуллаев - кыргыз элинин сыймыгы

Дүйнөгө ысымы таанымал, чемпиондук курду Борбордук Азияга алгачкылардан болуп алып келген мушкер  Ражабали Шайдуллаев 2000 жылы коңшулаш Тажикстандын Жерге -Тал районунда туулган. Орто мектепти бүткөндөн кийин жогорку кесиптик билим алуу үчүн Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн.


Спорттук ийгиликтеринде грепплинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, жиу- житсу боюнча Азия чемпиону, эрежесиз эр уруш боюнча бештештеринин баарын жеңилүүсүз өткөргөн. Чемпиондун өзүнүн айтымында атаандаштарынын беттештерин көрүп, алардын күчтүү жана алсыз тараптарын байкап жүрөт. Ар бир мелдешке олуттуу даярдык көрүп, максатына жетишүүгө аракет көрөт. Профессионалдык карьерасында өткөргөн бардык беттештеринеде жеңишке жетишкен.


Ражабали спорттогу жолун 2019 -жылы Бишкек шаарындагы “Баатырбашы” уюмунан баштаган. Бул уюмда 3 4 беттеш өткөрүп, андан соң, Чеченстан Республикасындагы АСА young eagles деген уюмда 3 беттеш өткөргөн. Андан соң, Абу-Даби, Корея уюмдарында беттешке катышкан. Кийин RIZIN уюму менен келишим түзүп, анын алкагында 4 жолу беттеш өткөргөн жана жеңишке жетишкен.


Белгилүү спортчу Ражабали Шайдуллаев үзүнүн берген маектеринин биринде спортко кичине кезинен эле кызыкканын айткан. Дзюдого барып жүргөн, үйүндө өз алдынча да машыгып жүрчү. Атасы ден соолугуң үчүн деле спортко жакын бол деп эртең менен тургузуп чуркатканын айткан спортчу. Анын профессионал спортчу болушун ата- энеси деле күтүшкөн эмес. Ражабали учурда Жерге -Талдан Бишкеке үй- бүлөсү менен көчүп келишкен.


Ражабвли Шайдуллаевдин алгачкы машыктыруучусу Эралы Аскарбеков болгон. Кийин “Ихлас” спорт клубунда Алымбек Насипов машыктырган. Мындан тышкары,  бир нече уюмдун чемпиону  Кубанычбек Абдисалам уулунан машыгып, тажрыйба алган.


“Менин максатым UFC уюмуна чыгуу”. Мекенимдин, Кыргызстанддын желегин желбиретейин деген аракеттин үстүндөмүн”, -деп билдирген Ражабали журналисттерге берген маектеринин биринде.


Жакында кыргыз спортчусу Ржабали Шайдуллаев Япониянын Осака шаарында өткөн RIZIN жана PFL боюнча спортчу Эй Жей Макки менен болгон беттеште жеңишке жетишип кыргыз спортунда тарых жаратты. Мындай жетишкендикке ал биринчи болуп ээ болду. Буга чейинки төрт титулдук беттешинде “19:0” жана “18:0” эсептери менен атаандаштыр утуп алган. Макки менен болгон беттешүүсүндө да 19:0 эсебинде утуп алып, эки курга ээ болду. Муну менен Ражабали спорт жолунда 20 жолу беттешке чыгып 20 жолу жеңишке ээ болду. Бир жолу дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес. 


Кыргыз спортунда өзүнүн эмгеги менен ушундай чоң спортто тарых жаратып, Кыргыз Туусун бийик желбиретип, кыргыз элине сыймык алып келген  Ражабали Шайдуллаевге мындан кийинки спорттук ийгиликтерди каалайбыз.


К.Кыдыралиева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз