Азия оюндары: Асан Жанышов күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Японияда өтүп жаткан Азиада-2026 оюндарында күмүш медаль тагынды.

Ал 30-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Жанышов мелдешти чейрек финалдан баштап, анда Өзбекстандын өкүлү, Азия оюндарынын учурдагы чемпиону жана 2025-жылдагы Азия чемпиону Жалгасбай Бердимуратовду 4:0 эсебинде жеңди.

Жарым финалда кыргызстандык балбан казакстандык Жамиль Ожаев менен беттешип, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.

Финалда Жанышов Япониянын 20 жаштагы, 2024-жылдагы Азия чемпиону Таидзо Ёсида менен күрөштү. Алты мүнөткө созулган кармашта япониялык балбан 11:1 эсебинде жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Жанышов күмүш медаль менен чектелди.

Бул медаль Кыргызстан үчүн Азиада-2026дагы жетинчи медаль болду. Азырынча өлкө куржунунда 2 күмүш жана 5 коло медаль бар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз