Азия оюндары: Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Ал бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 77 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.

Биринчи беттешинде азыркы Олимпиада чемпиону жапониялык Нао Кусака менен күч сынашып, ага туше менен утулган. Андан кийин жапониялык балбан катары менен эки жеңишке жетип, финалга чыкты.

Мунун аркасында Махмудов жубатуучу мелдеште коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын биринчи атаандашы казакстандык Демеу Жадраев болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз