Азиада: Сезим Жуманазарова менен Жусупбеков медалдар үчүн күрөштөн четтеди
Кыргызстандык спортчулар Сезим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков Жапониядагы Азия оюндарында медалдар үчүн күрөштөн четтеди.
1-октябрда эркектер жана кыз-келиндер арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча 4 алтын медаль ойнотулууда.
Жуманазарова 62 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда кытайлык Ци Чжанга 0:10 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утулган. Кытайлык спортчу жарым финалда Корей Элдик Демократиялык Республикасынын өкүлүнө утулуп, кыргызстандык балбанды коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.
Жусупбеков 97 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Биринчи беттешинде ал ирандык атлетчиге утулуп, ал эми ирандык балбан жарым финалда жапониялык спортчуга жеңилди.
Ошентип Жуманазарова менен Жусупбеков медалдар үчүн күрөштөн четтеп калышты.
Жоламан Шаршенбеков 60 кг чейинки салмакта финалга чыкты, ал эми Акжол Махмудов (77 кг чейин) коло медаль үчүн күрөшөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

