Жоламан Шаршенбекова финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Жапониядагы Азия оюндарынын финалына чыкты.

Ал бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.

Кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кореялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чейрек финалдык беттеште Түркмөнстандын спортчусу Азатжан Очиловду 8:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Ирак өкүлүн дагы мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Эми Шаршенбеков финалда өзбекстандык Алишер Ганиев менен беттешет.

Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз