Алайдын айылындагы спорт
Алай районунун Тилектеш айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан, Орто-Суу жана Кызыл-Булак айылдарында жаштардын демилгеси менен «Ынтымак» муундар аралык спорттук мелдеши үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Спорт-ден-соолуктун гана булагы, жаштарды бир максатка бириктирген күч. Мелдештин негизги максаты да ушунда: айыл жаштарынын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгуусун арттыруу, бош убакытты пайдалуу өткөрүү менен бирге кылмыштуулукка, укук бузууларга жана рэкетчиликке бөгөт коюу. Өзгөчө муундар ортосундагы достук мамилени бекемдөөгө көңүл бурулууда.
Үч айда бир ирет уюштурулган мелдешке 12 муундун өкүлдөрүнөн түзүлгөн 12 команда катышып, волейбол, футбол жана улуттук ат оюну — көк бөрү боюнча күч сынашат.
Жеңүүчүлөргө жеке демөөрчүлөрдүн жана катышуучулардын өз каражаттарынан акчалай сыйлыктар тапшырылып, спортчулардын аракети бааланууда.
Мындай демилгелер жаштарды сергек жашоого үндөп гана тим болбостон, айылдагы ынтымакты чыңдап, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган» биримдиктин бекем пайдубалын түзүүдө.
Материал КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин медиа чөйрөдөгү мамлекеттик социалдык заказынын алкагында даярдалды.
Н. Өмүрзакова.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

