Кирсти Ковентри Эл аралык Олимпиада комитетинин10-президенти болуп шайланды
20-мартта Грецияда өткөн ЭОКтун 144-сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен сегиз жылдык мөөнөткө 41 жаштагы Зимбабведен чыккан Кирсти Ковентри шайланды.
Кирсти Ковентри 2013-жылы шайланып, 2021-жылы кайра шайланган Томас Бахтын ордун басат. Ал 97 берилген добуштун ичинен 49 добуш алып, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.
Жаңы шайланган президент өз милдетине 2025-жылдын 23-июнунда Томас Бахтын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү аземинен кийин расмий түрдө киришет.
Президент Бах ошол убакытка чейин өз кызматынын мөөнөтүн толук өтөп, андан кийин ЭОКтун мүчөлүгүн да тапшырып, ардактуу президенттик кызматты ээлейт.
Ковентри ЭОКтун президенти болгон алгачкы аял жана Африка континентинен чыккан биринчи жетекчи болуп тарыхка кирет.
Жаңы шайланган президент биринчи жолу 2026-жылы Милан менен Кортинеде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарын көзөмөлдөйт. Бул оюндардын ачылыш аземине 11 ай гана убакыт калды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.