Азия оюндары: Айпери Медет кызы утулду

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштын финалына чыга алган жок.

76 кг чейинки салмак чениндеги жарым финалдык беттеште ал жапониялык Юка Кагамиге 3:5 эсебинде утулуп калды.

Эми Медет кызы коло медаль үчүн күрөштү улантат. Анын атаандашы өзбекстандык Севинчой Полвонова болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз