Өзгөндүн жаш спортчулары — облустук мелдештин жеңүүчүлөрү

Жаштар арасында спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана таланттуу спортчуларды колдоо — бүгүнкү күндүн маанилүү багыттарынын бири. Бул багытта Өзгөн районунун жаш спортчулары да өздөрүнүн талыкпас аракеттери жана мыкты оюн чеберчилиги менен ийгиликтерди жаратып келишет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу жана колдоо максатында Ош облусунун райондук жана шаардык спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында Чоң-Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемесинин «Ачык биринчилик» Кубогу өткөрүлдү.

Аталган мелдеште уландар арасында волейбол боюнча күч сынашкан командалардын ичинен Өзгөн райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы мыкты оюн көрсөтүп, I орунду камсыздады. Жаш волейболчулардын жеңиши алардын машыгуудагы үзүрлүү эмгегинин, машыктыруучулардын мээнетинин жана командалык ынтымактын натыйжасы болду. Мелдештин жыйынтыгында Өзгөн райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине I даражадагы Диплом жана Кубок тапшырылды.

Жаш спортчулардын ийгилиги район жетекчилиги тарабынан да белгиленип, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Максатбек Ибраимов жеңишке жетишкен спортчуларды кабыл алды. Ал жаш волейболчуларды жетишкен ийгилиги менен куттуктап, алардын спорттогу алгачкы жеңиштери мындан аркы чоң жетишкендиктерге жол ачарына ишеним билдирди. Ошондой эле алдыдагы мелдештерде ийгиликтерди жаратып, Өзгөндүн намысын татыктуу коргой беришине тилектештигин билдирди.

Белгилей кетсек, Өзгөн райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин волейбол боюнча командасы Ош облусунун райондук жана шаардык спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында өткөрүлгөн «Ачык биринчилик» Кубогунда уландар арасында I орунду ээлеп, өзүнүн спорттук даярдыгын дагы бир ирет далилдеди.

Бул жеңиш — жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга, жаңы таланттарды тарбиялоого жана райондо спортту өнүктүрүүгө дем берген жакшы саамалык.

Материал КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин медиа чөйрөдөгү мамлекеттик социалдык заказынын алкагында даярдалды. Материалдагы маалыматтар заказ берген тараптын көз карашын билдирбейт.

А.САПАРБАЕВА.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз