Азия оюндары: Кыргызстан жалпы медалдык эсепте 26-орунду ээледи

Кыргызстандын курама командасы Японияда өткөн Азия оюндарын жалпы медалдык эсепте 26-орун менен жыйынтыктады.

20-ирет уюштурулган жайкы Азия оюндары Нагоя шаарында 10-сентябрдан 4-октябрга чейин өттү.

Мелдеште спорттун 43 түрү боюнча жалпысынан 469 комплект медаль ойнотулду. Байгелер үчүн 46 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу күч сынашты. Анын ичинен 40 өлкөнүн спортчулары Азия оюндарында медаль жеңип, байге ээлеринин катарына кирди.

Кыргызстандын курамында 169 спортчу болуп, алар спорттун 28 түрү боюнча мелдештерге катышты.

Кыргызстандык спортчулар жалпы 14 медаль — 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медаль утуп алышты.

Медалдык эсепте биринчи орунду Кытай ээледи. Кытайдын спортчулары 169 алтын, 89 күмүш жана 83 коло медаль жеңишти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз