Кыргызстан курамасы Ливанды алгачкы ирет утту
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы тарыхында биринчи жолу Ливандын курамасын жеңди.
4-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Ливандын улуттук курама командалары кезектеги жолдоштук беттешин өткөрдү.
Оюн Кыргызстан курамасынын 3:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Голдорду Одилжон Абдурахманов менен Алимардон Шукуров киргизсе, дагы бир топту атаандаш команда өз дарбазасына өзү киргизип алды.
Буга чейин Кыргызстан менен Ливандын улуттук курама командалары үч жолу беттешкен.
Командалардын алгачкы оюну 2000-жылы Иорданияда өткөн Батыш Азия футбол федерациясынын чемпионатында болгон. Анда кыргызстандыктар 0:2 эсебинде жеңилип калган.
2009-жылы командалар Индияда өткөн Неру кубогунда кайрадан кезигишкен. Үчүнчү турдагы беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Кыргызстан курамасынын оюнчусу Антон Землянухин экинчи таймдын башында эсепти ачкан.
2016-жылы командалар Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрүшкөн. Ал оюнда жеңүүчү аныкталбай, 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Ошентип, Кыргызстан Ливанды төртүнчү беттешинде биринчи жолу жеңип, буга чейинки үч оюндагы жеңишсиз сериясын токтотту.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

