Орусияда сасык тумоонун жаңы штаммдары пайда болду

Орусияда сасык тумоонун жаңы штаммдары жүрүүдө, ага калктын азырынча иммунитети жок. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин А. А. Смородинцев атындагы Грипп илимий-изилдөө институтунун директору Дмитрий Лиознов билдирди.

Анын айтымында, штаммдардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна байланыштуу, учурдагы сезондо сасык тумоого каршы вакциналардын бардык үч компоненти өзгөртүлдү.

Лиознов биринчи кезекте балдарды, кош бойлууларды, карыларды жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Иммунитет кеминде эки жумада калыптанат, ошондуктан эмдөөнү алдын ала пландоо зарыл.

Лиозновдун айтымында, Орусиядагы сасык тумоо боюнча кырдаал учурда туруктуу жана орус өндүрүүчүлөрү өлкөнүн вакцинага болгон муктаждыгын толугу менен камсыз кылууда.

Кыргызстанда бул сасык тумоого каршы эмдөө октябрь айында өткөрүлүшү күтүлүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө аденовирус, респиратордук-синцитиалдык вирус, метапневмовирус, парагрипп жана риновирустар катталып жатканын билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз